Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кой, эчкини асырап, кайтарган адам. Чоорун тартып койчу кирип келет (Бөкөнбаев). Садыр койчу сөз кезегин алды (Убукеев). Өлөр эчки койчунун таягына сөйкөнөт (макал). Изде мени жылкычыдан, койчудан, Пахтачыдан колу тынбай ойкуган (Кулумбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чочуганда, таң калганда же бир нерсени жактырбаган, көңүлсүнбөгөн учурда айтылат. Койчу, койчу эстебечи муңайба (Бөкөнбаев). Дагы эмне балээни баштап жатасың, койчу нары (Абдукаримов). Нурбай муну күткөн эмес Тынайдан, – Койчу! – деди каш, сакалын сыйпалап (Токомбаев).